Япония аба жолдору чет элдик туристтерге акысыз билет берет

Япония аба жолдору акция тууралуу маалымат берди.

1330492
Япония аба жолдору чет элдик туристтерге акысыз билет берет

Япония аба жолдору, өлкөгө 2020-жылы бара турчу чет элдик туристтерге акысыз 50 миң ички каттам билетин тартуулайт.

Киодонун кабарына караганда, Япония аба жолдорунун билдирүүсүндө, бул авиакомпаниянын чет элдик туристтерге 1-июлдан 30-сентябрга чейин Токиодогу Ханеде аэропорту менен Осакадагы Итами жана Кансай аэропортторунан башталган учууларда акысыз 50 миң ички каттам билетин камсыздай тургандыгы белгиленди.

Япониянын туризм агенттигинин кызматташтыгында жүргүзүлгөн бул акция, 2020-жылкы Токио Олимпиада жана Паралимпиалык оюндарды көрүү үчүн өлкөгө бара турган чет элдиктердин Япониянын элет жерлерин кыдыруусуна өбөлгө түзүүнү максаттап жатат.

Билеттерден Япониянын жүргүнчү лоялдуулук программасынын мүчөлөрү пайдалана алат.



Тектеш кабарлар