Песковдун Ливия жөнүндөгү билдирүүсү

Песков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1330194
Песковдун Ливия жөнүндөгү билдирүүсү

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Ливиянын көп сандаган өлкөдөн акчага жалданган аскерлер жана террористтер үчүн баш калкалоочу жайга айланганын айтты.

Песков журналисттердин Ливияда акчага жалданган орус аскерлеринин бар же жок экендиги жөнүндөгү суроого жооп берди.

Ливияда акчага жалданган көп сандаган аскерлердин бар экенине көңүл бурган Песков: «Айрым жалпыга белгилүү болгон өлкөлөр тобу тарабынан кыйратылгандан кийин Ливия көп сандаган өлкөдөн акчага жалданган аскерлер жана террористтер үчүн баш калкалоочу жайга айланды. Булардын баардыгы жалпыга белгилүү болгон өлкөлөрдүн Ливиянын мамлекеттик структурасын кыйратуу үчүн кылган кыймылдарынын натыйжасы»,-деди. Ошондой эле Песков: «Биз Ливиядагы кырдаалга кабатыр болуп жатабыз. Ар кайсы өлкөлөрдүн жарандары дүйнөнүн төрт тарабындагы кагылышууларга акчага жалданган аскер катары катышууда. Баардык жарандардын кыймылдарын көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Албетте буга каршы чыгуу маанилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар