Орусияда Су-57 учагынын жерге кулап түшкөндүгү айтылууда

ТАСС агенттигинин кабарына караганда, Су-57 учагы токой аянтына кулап түштү.

1328532
Орусияда Су-57 учагынын жерге кулап түшкөндүгү айтылууда

Орусиянын Хабаровск аймагында бешинчи муундагы орус согуштук учагы Су-57нин сыноо учуусу убагында жерге кулап түшкөндүгү айтылууда.

ТАСС агенттигинин Комсомольск-на-Амуре аймагынын жетекчилерине таянып берген кабарына караганда, Су-57 учагы сыноо учуусу убагында токой аянтына кулап түштү.

Учуруу системасын колдонуп аман калган пилот парашют менен түшкөн токой аянтынан тик учак менен алынып кетти.  

Чыгыш аскердик аймагынын басма сөз кызматы тарабынан аймакта Су-57 үлгүсүндөгү учактын кызмат көрсөтпөгөндүгү билдирилсе, кандайдыр бир аба окуясынын да катталбагандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар