Асад режими 4 күндө 35 отурукташуу жерин көзөмөлгө алды

Орусия абадан кол салуулары менен режим күчтөрүн колдоодо.

1328858
Асад режими 4 күндө 35 отурукташуу жерин көзөмөлгө алды

Сирияда Астана келишимдерин жок деп санаган Башар Асад режими Иран жана Орусиянын жардамы менен Идлибдин Жерженаз аймагын да колго алып, акыркы 4 күндө 35 отурукташуу жерин көзөмөлгө алды.

Режим күчтөрү кечээ кечтен баштап Идлибдин түштүк чыгышындагы Жерженаз аймагы менен Хирбет Марата, Эбу Дефне, Ел Хадисе, Кефер Ямин, Салихийе, Дарүсселам, Ел  - Фалүл жана Бабулин айылдарын колго алды. Ушундайча 20 -  декабрда кургактык операциясын баштаган режим күчтөрү колго алган отурукташуу жерлеринин саны 35ке жетти.

Режим күчтөрү андан мурда Ум Желал, Ум Түвейне, Кыт, Хиракы, Мынтар, Сыхал, Ес Сырж, Сеййади, Тел Шейх, Фурже, Брейса, Рабиа, Урейбе, Шара, Эбу Хаббе, Мудейрисе, Эбу Шержи, Крати, Крестене, Хүлүббе, Тух жана башка отурукташуу жерлерин көзөмөлгө алган. Эң көп кол салууга учураган жерлер Идлибдин Маарратүннуман жана Серакиб райондук борборлору менен элет жерлери болду.

Асад режиминин кургактыктан алдыга жылуу максатында башталган кол салууга Иран  колдогон чет элдик террордук топтор жана орус атайын күчтөрү башкарган «Кабылан күчтөрү» жана «5 – Легион» да колдоо берүүдө.

Орусия абадан кол салуулары менен режим күчтөрүн колдоодо.



Тектеш кабарлар