Жемал Кашуги доосунда 5 кишиге өлүм жазасы берилди

Башкы прокурор 3 кишиге да жалпы 24 жыл абак жазасынын берилгендигин белгиледи.

1328197
Жемал Кашуги доосунда 5 кишиге өлүм жазасы берилди

Сауд Арабия башкы прокурору Жемал Кашуги кылмышы  доосунда 5 киши тууралуу  өлүм жазасын берүү чечиминин чыгарылгандыгын билдирди.

Башкы прокурор 3 кишиге да жалпы 24 жыл абак жазасынын берилгендигин белгиледи.

Башкы прокурор кылмышты башкарган ысым катары билинген Сууд ел  - Кахтаниге эч бир жаза берген жок. Кахтани эркин коё берилди. Кылмышка аралашкан Сауд Арабиянын мурунку Стамбул башкы консулу Мухаммед ел Утейби да жазаландырылган жок.

Башкы прокурор кылмышка катышкан Чалгындоо уюмунун төрагасынын мурунку орун басары Ахмед Асириндин да эркин коё берилгендигин билдирди.

Саудиялык журналист Жемал Кашуги 2018 -  жылы 2 -  октябрь күнү үй  - бүлө иштери боюнча барган өлкөсүнүн Стамбул башкы консулдугунда киши колдуу болгон.



Тектеш кабарлар