Путин: «Эртең Түркиядан делегация келет»

Путин Москвада өткөргөн жылдык пресс-жыйында күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

1326355
Путин: «Эртең Түркиядан делегация келет»

Орусиянын президенти Владимир Путин, Ливия темасын президент Режеп Таййип Эрдоган менен тынымсыз сүйлөшкөндөрүн белгилеп, эртең Түркиядан Москвага делегация бара турганын айтты.

Путин борбор шаар Москвада өткөргөн жылдык пресс-жыйында күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Ливия суроосуна жооп берген Путин, президент Эрдоган менен тынымсыз сүйлөшүп тургандарын баса белгилеп: «Эртең Түркиядан делегация келет, теманы сүйлөшөбүз»,-деди.

Путин, Ливиянын улуттук макулдашуу өкмөтүнүн башчысы Фаиз Мустафа эс-Серрак жана көтөрүлүшчү Хафтер менен өлкөдөгү кагылышуулар туурасында сүйлөшкөндөрүн айтты.

Путин, Батыш басма сөзүндө орун алган «Орусия Хафтерди колдойт» деген сөздөрдүн туур эмес экенин белгилеп: «Кагылышкан тараптардын өлкөнү кимдин жана кантип башкараары темасында макулдашуусу керек»,-деди жана кагылышууларды токтото турган чечүүчү жолдун үстүндө иштешүү керектигине көңүл бурду. 



Тектеш кабарлар