Орусия баллистикалык ракеталарды жайгаштырууну улантууда

Орусия коргоо министрлиги баллистикалык ракета жайгаштыруунун 2020 -  жылы да улантыларын билдирди.

1325469
Орусия баллистикалык ракеталарды жайгаштырууну улантууда

Орусия өлкөнүн бардык жерлерине баллистикалык ракета жайгаштырууну улантууда. Коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматка караганда борбор шаар Москванын батышындагы Калуга аймагына Ярс баллистикалык ракета жайгаштырылгандыгы белгиленди. Маалыматта ракетанын атомдук алып жүрүүчүлөрү менен бирге бункерлерге жайгаштырылгандыгы билдирилди.

Орусия 1959 -  жылы 17 -  декабрда курулган Стратегиялык ракета күчтөрү күнүнөн улам  кечээ Атрахань аймагындагы Капустин Яр полигонунда Ярс баллистикалык ракетасы учурулуп, 60 километрдик аралыктагы бутасын аткандыгын билдирген.

Орусия коргоо министрлиги баллистикалык ракета жайгаштыруунун 2020 -  жылы да улантыларын билдирип, 2021 -  жылга чейин аскердик аймактардын жарымына Ярс баллистикалык ракета системаларынын жайгаштырыларын маалымдады.

 



Тектеш кабарлар