Японияда эки реактордун жоюулушу бекитилди
1, 1 миллиард долларга чыгаша болору күтүлгөн жоюу процессинен кийин 23 миң тонна төмөнкү деңгээлдеги атомдук таштандынын ортого чыгышы күтүлүүдө.
Японияда Атомдук ченемдик башкаруусу Фукуи башкаруусундагы Ой атомдук станциясынын мөөнөтү бүткөн эки раекторун жоюу планын бекитти.
Жөнгө салуучу орган станциянын оператору Кансай электр энергиясы компаниясынын 1979 - жылы ишке кирген 1 жана 2 номердүү реакторун жоюу үчүн кайрылуусун кабыл алды.
1, 1 миллиард долларга чыгаша болору күтүлгөн жоюу процессинен кийин 23 миң тонна төмөнкү деңгээлдеги атомдук таштандынын ортого чыгышы күтүлүүдө.
Жоюу планы атомдук таштандылардын кандай сакталары жагдайын камтыбайт.
1 жана 2 номердүү реакторлор жылдын акырынан баштап энергия өндүрүшүн токтотуп, станциянын 1993 – 1994 - жылы ишке кирген 3 жана 4 номердеги реакторлор ишин улантат.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.