Франциянын премьер-министри пенсиялык реформа боюнча маалымат берди

Француздар пенсиялык реформага каршы чыгышууда.

1322024
Франциянын премьер-министри пенсиялык реформа боюнча маалымат берди

Франциянын премьер-министри Эдуард Филипп, өлкөдө талаш-тартыш жараткан пенсиялык реформанын алкагында пенсияны ала алыш үчүн 64 жашка чейин иштөө керектигин айтты.

Филипп өткөргөн маалымат жыйынында, пенсиялык реформанын 22-январда Министрлер кеңешине сунуштала тургандыгын андан соң февраль айынын аягында улуттук парламентке алып барыла турганын белгиледи.

Пенсиялык системанын бирдиктүү тартипте болоорун баса белгилеген Филипп, пенсиянын өлчөмү кеминде миң еврого жете турганын айтты.

Филипп: «Пенсияга чыгуунун курагы 62 жаш болот бирок жумушчулар толук акы алыш үчүн 64 жашка чейин иштешет»,-деди.

Премьер-министри Эдуард Филипп пенсиялык реформанын 2022-жылы күчүнө кирээрин билдирди.



Тектеш кабарлар