Мьянма лидери Анг Су Чи Гаагада өлкөсүн коргоду

Су Чи кагылышуулардан улам көп сандаган кишинин жер которгондугун  кабыл алды бирок аракандык мусулмандардын бул кагылышууларга тарап болбогондугун айтты.

1321672
Мьянма лидери Анг Су Чи Гаагада өлкөсүн коргоду

Аракандыктарга карата кыргын кылмышы менен Мьянмага каршы ачылган доо экинчи күнүндө да улантылууда.

Мьянма лидери Анг Сен Су Чи Нидерландиядагы Гаага эл аралык адилеттик кеңешинде өлкөсүн коргоду.

Аракан мусулмандарына карата геноцид жасалды деген күнөлөөнү четке каккан Су Чи  Рохингия деген ат менен аталган куралдуу уюмдун полиция пунктуна кол салгандыгын жактады.

Су Чи Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн 2017 -  жылы август айында бул кол салууларга жооп бергендигин ортого салды. Су Чи кагылышуулардан улам көп сандаган кишинин жер которгондугун  кабыл алды бирок аракандык мусулмандардын бул кагылышууларга тарап болбогондугун айтты.

Мьянма  лидери согуштук кылмыш кылган аскер бар болсо соттолорун билдирди.

Батыш Африка өлкөсү Гамбия тарабынан Мьянмага каршы ачылган доонун 2 жылга созулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар