АКШнын Нью-Жерси штатында куралдуу кагылышуудан 6 киши каза тапты

Анадолу агенттигинин ысымын жарыялагысы келбеген бир полиция кызматкеринен алган маалыматына караганда кагылышуу, баңги зат менен күрөшүү тобу кошулган баңги зат алуу сатуу убагында чыккан маселеден башталды.

1321339
АКШнын Нью-Жерси штатында куралдуу кагылышуудан 6 киши каза тапты

АКШнын Нью-Жерси штатында Жерси Ситиде чыккан куралдуу кагылышууда бирөө полициядан турган 6 киши каза тапты.

Анадолу агенттигинин ысымын жарыялагысы келбеген бир полиция кызматкеринен алган маалыматына караганда кагылышуу, баңги зат менен күрөшүү тобу кошулган баңги зат алуу сатуу убагында чыккан маселеден башталды.

Куралдуу кагылышууда бирөө полиция, экөө шектүү жана үчөө жарандан турган жалпы 6 киши каза тапты.

Айлана чөйрөдө орун алган 12 мектепке коопсуздук себеби менен кирип чыгууларга тыюу салынып, полиция иш жерлерин жана чөйрөдөгү үйлөрдү көзөмөлгө алды.

Ок атышуу бир саатка созулду. Коопсуздук күчтөрү социалдык медиадан ок атышуу болуп жаткан аймактан алыс туруу чакырыгын салды.

АКШнын президенти Дональд Трамп да кечинде социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө, «Жерси Ситидеги коркунучтуу кагылышуу тууралуу маалымат алдым. Дубаларыбыз бул татаал жана таргедиялуу убакта каза болгондор жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн болсун. Аймактагы жергиликтүү жана штаттын жооптуу кызматкерлерине жардам берип жатканда абалды да байкообузду улантуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар