Францияда митингдерди улантууга чакырык салынды

Францияда өкмөт менен макулдаша албаган профсоюздар мамлекеттик  кызматкерлерин бүгүн үчүн иш таштоого чакырышты.

1320847
Францияда митингдерди улантууга чакырык салынды

Францияда өкмөт менен макулдаша албаган профсоюздар мамлекеттик  кызматкерлерин бүгүн үчүн иш таштоого чакырышты.

Өлкөдө өткөн жума бейшемби күнү башталган иш таштоодон кийин кечээ өкмөт менен профсоюздун ортосунда өткөн сүйлөшүүлөрдө макулдашууга барылбашы менен митингдер бүгүн да улантылат.

Франция медиасында  өлкөдөгү реформаны жүргүзгөн министр Жан-Поль Делевой менен профсоюз лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан жок. Ушул боюнча профсоюз лидерлери : «Иш таштоону улантабыз»,- деп белгилеп, бүгүн митингдерди уюштурушарын билдирди.

Профсоюздар мугалимдер, дарыгерлер жана башка коомдук кызматкерлерин бүгүн үчүн иш таштоого чакырды. Бир тараптан жергиликтүү медианын билдиргенине караганда борбор шаар Парижде кечээ транспортто олуттуу аксоолор болду.

Өткөн жума бейшемби күнү болгон, Франция тарыхынын 1995 -  жылдан бери болгон эң чоң митингдерине 800 миң киши катышты. Митингде Франция полициясынын күч колдонуу жана катуу кийлигишүүсүнөн улам журналисттер менен көп сандаган киши жараланган.



Тектеш кабарлар