Жаңы Зеландиядагы жанар тоонун кесепети

Премьер-министр Жасинда Ардерн, жанар тоо атылган учурда айланасында 50 кишинин болгонун белгиледи.

1319909
Жаңы Зеландиядагы жанар тоонун кесепети

Жаңы Зеландияда Ак аралдагы Вхакари вулканы атылып анын кесепетинен бир киши көз жумду, 23 киши жаракат алды.

Премьер-министр Жасинда Ардерн, социалдык медиа баракчасынан берген маалыматында жанар тоо атылган учурда 50 кишинин болгонун белгиледи.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.30 чамасында болгон атылуудан 23 киши жаракат алып алардын бирөөсүнүн көз жумгандыгы билдирилди.

Жаңы Зеландия полициясы, аралда дайынсыз болуп жаткан адамдардын бар экенин жана каза тапкандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Вхакари вулканы акыркы жолу 2001-жылы атылган болчу.



Тектеш кабарлар