Япон иликтөөчүлөр жаңы бир жаш вулканды ачышты

Иликтөөчүлөр вулкандын бир кластердин бөлүгү болуп же болбогондугун белгилөө үчүн аймакта дагы көп иликтөө жүргүзүүнү пландап жатат.

1319105
Япон  иликтөөчүлөр жаңы бир жаш вулканды ачышты

Япон иликтөөчүлөр Тынч океанында жаңы бир вулканды ачышкандарын жарыялады.

Япониянын Сендаи шаарындагы Тохоку университетинде адистер Тынч океанынын батыш жээгиндеги Минами Торишима аралынын жакындарында жаңы бир кичинекей  вулканды ачыкка чыгарышты.

Кичинекей чекит сыяктуу болгон жаш вулкан университеттин Түндүк Чыгыш Азия Иликтөөлөр Борборунан доцент Наото Хиранонун лидерлигиндеги бир иликтөө тобу тарабынан ачылды. Хирано : «Бул жаңы вулкандын ачылышы аймакты дагы көп иликтеп жана дагы да маанилүүсү кичинекей вулкандарды ортого чыгаруубуз үчүн мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул бизге атмосферанын чыныгы  табияты тууралуу дагы көп маалымат берет»,- деди.

Иликтөөчүлөр вулкандын бир кластердин бөлүгү болуп же болбогондугун белгилөө үчүн аймакта дагы көп иликтөө жүргүзүүнү пландап жатат.

Вулкандын Тынч океан платосунда орун алган Мариана чукуруна киргенден 3 миллион жыл мурда кошулгандыгы болжолдолууда. Адистердин айтымына караганда тектоникалык платолордун астындагы жараңкалардан ортого чыккан кичинекей  - чекит вулкандарды жаш вулкандар катары аныкталууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар