Трамп : "Сауд Арабияга аскер жиберерибиз тууралуу сөздөр жалган"

Дональд Трамп АКШнын Жакынкы Чыгышка 14 000 аскер жиберүүнү карап чыккандыгы тууралуу айтылган сөздөргө твиттерден жооп берди.

1318894
Трамп : "Сауд Арабияга аскер жиберерибиз тууралуу сөздөр жалган"

АКШнын президенти Трамп өлкөсүнүн Сауд Арабияга 12 000 аскер жиберери тууралуу чыккан кабарларды төгүнгө чыгарды. Дональд Трамп Конгресс жана АКШнын коргоо министрлиги Пентагонду бетме- бет алып келген АКШнын Жакынкы Чыгышка 14 000 аскер жиберүүнү карап чыккандыгы тууралуу айтылган сөздөргө твиттерден жооп берди.

АКШнын президенти Трамп маалыматында : «Бүгүн Сауд Арабияга 12 000 аскер жиберерибиз тууралуу чыккан кабарлар жаңылыш,так айта турган болсок жалган кабар»,- деди.

Бир тараптан Америка басма сөзүндө чыккан кабарларда Жакынкы Чыгышка 14 000аскер жиберүүдөн сөз болгондугуна карабастан Трамптын маалыматында 12 000ден сөз кылышы да көңүлдөрдү бурду.

The Wall Street Journal гезити Пентагон жетекчилерине таянып берген кабарында АКШнын жай айларында Иран коркунучуна каршы Жакынкы Чыгышка жиберген 14 000 аскерге кошумча катары аймакка 14 000 аскер дагы жиберүүнү пландагандыгын билдирген.

Ушул боюнча Миссури сенатору республикачыл Жош Хоули гезиттин кабарын твиттер эсебинен бөлүшүп : «Бир гана ушул жылы 14 000 аскер жибергенден кийин Пентагондун Жакынкы Чыгышка 14 000 кошумча аскер кааланышынын себебин сенаттын куралдуу кызматтар комитетиндеги отурумунда угууну каалаймын. Пентагон кургактык согушуна даярданып жатабы?»,- деген.

Пентагондун катчысы Алисса Фарах Хоулинин талабы боюнча Еспердин атынан маалымат берип : «Дүйнөдөгү коркутуу абалын дайыма карап чыгып жана тандаган жолубузду карап чыгабыз. Душмандарыбыздын аткарган иштерине, динамикалуу абалдарга караштуу күч абалы жана аскер санын карайбыз. Министр Еспер бүгүн эрте менен АКШ сенатынын куралдуукызматтар комитетинин төрагасы Жеймс Инхофе менен сүйлөштү жана азыркыу чурда Жакынкы Чыгышка 14 000 кошумча аскер жиберүүнү карап жатканыбызды кайталады»,- деген.



Тектеш кабарлар