ИКУ Израилдин Батыш Шериада жаңы Жөөт отурукташуу мааласын куруу планын айыптады

ИКУнун жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Жөөт жайгашуу бөлүмдөрүн куруу саясатынын токтотулушу үчүн эл аралык коомчулукка жана БУУнун Коопсуздук кеңешине чакырык салынды.

1317561
ИКУ Израилдин Батыш Шериада жаңы Жөөт отурукташуу мааласын куруу планын айыптады

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Израилдин басып алуусу астындагы Батыш шерианын Эл-Халил шаарында жаңы жөөт мааласын куруу долбоорун айыптады.

ИКУнун жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Жөөт отурукташуу бөлүмдөрүн куруу саясатынын токтотулушу үчүн эл аралык коомчулукка жана БУУнун Коопсуздук кеңешине чакырык салынды.

Эл-Халил шаарында жаңы Жөөт мааласын куруу долбоорунун бекитилиши катуу айыпталган билдирүүдө, Израилдин бул кадамдар менен эл аралык мыйзамдарды, Женева келишимдерин жана БУУнун бул темага байланыштуу токтомдорун ачык эле бузгандыгы баса белгиленди.

Израилдин Канал-13 телеканалы 1-декабрда берген жаңылыктарында Израилдин коргоо министри Нафтали Беннеттин басып алуу астындагы Батыш Шерианын Эл-Халил шаарында жаңы жөөт мааласы курулуусу боюнча долбоорунун баштатылышы планын бекиткенин жарыялаган.

АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпео, 18-ноябрдагы жарыясында, «Басып алуу астындагы Батыш Шерияда да 13 мыйзамсыз Жөөт отурукташкан жерлери бар. Бул жерлерде 600 миңден ашуун отурукташкан жөөттөр бар. Эл аралык эрежеге караганда басып алуу астындагы жерлерде орун алган бардык Жөөт отурукташуу бөлүмдөрү мыйзамсыз деп кабыл алынган.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                               



Тектеш кабарлар