Аарыларды коргоого карата мыйзам долбоору бекитилди
Европа Парламенти, аарыларды коргоо үчүн пестицид колдонууну азайтууга чакырды.
1317182
Европа Парламентинин экология, коомдун саламаттыгы жана азык-түлүк боюнча комитети, аарылардын санындагы азаюуга бөгөт болуу максатында даярдалган мыйзам долбоорун бекитти.
Мыйзам долбоорунда аарылардын корголуусу үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөргө дагы көбүрөөк каражат бөлүнүүсү талап кылынса, аларды коргоо үчүн талаа дарысы болгон пестицид колдонуунун азайтылышы чакырыгы салынды.
Бул мыйзам долбоорунун январь айындагы Европа Парламентинин Башкы ассамблеясынын отурумунда добушка коюлушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.