Сириянын Конституция комитетинин жыйналышына режимдин тоскоолдугу уланууда

БУУнун Женева кеңсесинде дүйшөмбү күнү башталышы көздөлгөн Сириянын Конституция комитетинин 45 кишилик жазуу кеңешинин жыйналыштары Башар Асад режимин өкүлдүк кылган делегациянын макулдашкыс мамилесинин себебинен төртүнчү күнүндө да башталбай калды.

1314509
Сириянын Конституция комитетинин жыйналышына режимдин тоскоолдугу уланууда

Швейцариядагы БУУнун Женева кеңсесинде дүйшөмбү күнү башталышы көздөлгөн Сириянын Конституция комитетинин 45 кишилик жазуу кеңешинин жыйналыштары Башар Асад режимин өкүлдүк кылган делегациянын макулдашкыс мамилесинин себебинен төртүнчү күнүндө да башталбай калды.

Кечээ, БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О. Педерсен жана анын тобунун 45 кишилик жазуу кеңешин кайрадан чогултуу аракеттери режимдин конституциялык темаларга тиешеси болбогон беренелерди күн тартипке алып чыгуу аракетинин себебинен кайрадан майнап чыккан жок.

Сириянын Конституция комитетинин оппозициячыл тең төрагасы Хади эль-Бахра: «Экинчи айлампанын башынан бери Конституция комитетинин иш-аракет тармагы жана ыйгарым укуктарынын алкагында 5 сунуш бердик. Бешөө тең режим тарабынан четке кагылды»,-деп айтты.

Режимдин делегациясы баш мыйзамдык темаларга байланыштуу бардык күн тартип беренелеринин сүйлөшүлүшүн артка кайтарганына көңүл бурган Бахра, жыйналыштын башталышы үчүн бардык аракеттерине карабастан режимдин «Конституция комитетинин күн тартиби» тууралуу сүйлөшүүнү каалабаганын баса белгиледи.

Комитеттин режим тараптан тең төрагасы Ахмед Кузбари болсо маалыматтарында оппозицияны жана Түркияны күнөөлөөсүн улантты.

Кузбари кайра эле суроого жооп бербестен БУУдан чыгып кетти.

Бир тараптан режимди көндүрө албаган БУУ үн катпай турат.



Тектеш кабарлар