Европа Парламенти Стамбул Келишимин бекитүүгө чакырды

Европа Парламенти бардык мүчө өлкөлөрдү  «Аялдарга карата зомбулукту алдына алууга карата» Стамбул Келишимин бекитүүгө чакырды

1314394
Европа Парламенти Стамбул Келишимин бекитүүгө чакырды

Европа Парламенти бардык мүчө өлкөлөрдү  «Аялдарга карата зомбулукту алдына алууга карата» Стамбул Келишимин бекитүүгө чакырды.

Франциянын Стразбург шаарында чогулган ЕПнин Жалпы Кеңешинде Стамбул Келишиминин бекитилишине карата чечим долбоору  91 кабыл болбогон добушка каршы 500 кабыл добуш менен бекитилди.

Чечимде  Болгария, Чехия, Венгрия, Литва, Латвия, Словакия жана Британиянын келишимге кол койгондугу бирок бекитпегендиги белгиленип, кээ бир өлкөлөрдө келишим тууралуу жаңылыш маалыматтарды жайылтып, жүргүзүлгөн кампаниялар айыпталды.

Бул өлкөлөр Стамбул Келишимин чукул түрдө бекитүү чакырыгы салынган чечимде Европа Биримдиги Комиссиясына да аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүнү алдыңкылык берилген тема абалына алып келүү сунуш кылынды.

Европа Биримдиги Стамбул Келишимине 2017- жылы кол койгон.

Акыркы маалыматтарга караганда жалпы Европа Биримдигинде 3 аялдан бирөөсүнүн физиологиялык же жыныстык зомбулукка учурагандыгын ортого салууда.



Тектеш кабарлар