Албанияда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 45ке жетти
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги жаралангандардын санын 790 деп билдирди.
1314396
26 - ноябрда Албанияда болгон жана эпицентри Дырач шаарына 15 километр аралыктагы 6, 3 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 45ке жетти.
Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги жаралангандардын санын 790 деп билдирди.
Дырачтын Тумане районунда изилдөө - куткаруу иштеринин акырына чыккандыгын белгилеп, Дырачтын башка аймактарында Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген топтордун изилдөө – куткаруу иштери улантылууда.
Бр тараптан министрлер кеңешинин чечими менен жер титирөөдөн улам борбор шаар Тиран жана Дырачта 30 күнөн ашпай турган мөөнөт менен табигый апаат жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.