Албаниядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Урандынын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

1313777
Албаниядагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Албаниянын Дуррес шаарында болгон 6,3 баллдык жер титирөдөн каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти.

Аймакта Түркиянын куткаруучу топтору менен бирге берки өлкөлөрдөн келген топтор урандынын астында калгандарды куткаруу үчүн аракет кылып жатышат.

Саламаттык сактоо министрлиги, жер титирөөдөн 8и оор 658 кишинин жаракат алгандыгын билдирди.

Албаниянын Министрлер кеңешинин токтому менен жер титирөөнүн себебинен баш калаа Тирана жана Дурресте өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Мурунку күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.55те болгон 6,3 баллдык жер титирөөдөн кийин кайталанган 524 термелүү катталгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар