Европа Биримдиги : "Европада ар бир үч аялдын бири зомбулукка дуушар болууда"

Федерика Могерини жалпы континентте ар бир үч  аялдан бирөөсүнүн физиологиялык же жыныстык зомбулукка дуушар болгондугун билдирди.

1312222
Европа Биримдиги : "Европада ар бир үч аялдын бири зомбулукка дуушар болууда"

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерика Могерини жалпы континентте ар бир үч  аялдан бирөөсүнүн физиологиялык же жыныстык зомбулукка дуушар болгондугун билдирди.

Могерини 25 -  Ноябрь аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күрөш жана тилектештик күнүнүн негизинде жазуу түрүндө маалымат берди.

Аялга карата зомбулуктун негизинен бардык адамзаттыкты бутага алгандыгын баса белгилеген Могерини : «Буга карата дүйнөдө жана Европада уруксат бербешибиз керек бирок  бардык чечкиндүүлүгүбүзгө карабастан бул кыйынчылыкты ашып өтүү үчүн аракет кылабыз»,- деди.

Могерини маселенин «аракетке өткөрүүчү» деңгээлде экендигине көңүлдөрдү буруп : «Континентте жыныстык зомбулукка жана адам качырууга дуушар болгон кишилердин дээрлик баары аялдар»,- деди.

Эл аралык коом жана Европа Биримдиги катары аялдарды бутага алган зомбулукка каршы чыгуунун орток жоопкерчилик экендигин баса белгилеген Могерини Биримдиктин бул темада чечкиндүү иштерин улантарын айтты.



Тектеш кабарлар