Конгодо учак отурукташкан жерге кулап түштү...

Жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда Busy Bee фирмасына таандык Дорниер-228 үлгүсүндөгү жеке менчик учак, учкандан кийин көп өтпөй Гома шаарында отурукташуу борборуна кулап түштү.

1311480
Конгодо учак отурукташкан жерге кулап түштү...

Конго Демократиялык Республикасынын чыгыш жагында жеке менчик учактын отурукташуу борборуна кулап түшүшүнүн себебинен 18 киши каза тапты.

Жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда Busy Bee фирмасына таандык Дорниер-228 үлгүсүндөгү жеке менчик учак, учкандан кийин көп өтпөй Гома шаарында отурукташуу борборуна кулап түштү.

Гома аэропортунун жооптуу кызматкерлеринен Ричард Магнопола, кулаган учакта орун алган 17 кишиден аман калган эч ким болбогонун белгиледи. Манголопа кырсык болгон аянтта ушул убакка дейре 18 кишинин сөөгү табылганын маалымдады.

БУУнун Ырааттуулукту камсыздоо миссиясынан (MONUSCO) кырсык болгон жерге 2 өрт өчүргүч унаасы жана бир куткаруучу топ жөнөтүлгөнү билдирилди.

Фирманын жооптуу кызматкерлери учактын техникалык маселелердин себебинен кулаган болушу мүмкүн экенин айтышты.

Бир тараптан социалдык медиада орун алган видеолордо аэропортко жакын жердеги Маденпо/Бирере районунда үйдүн үстүнө кулаган учактын кыйрандыларынан түтүн чыгып жатканы көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар