Орусия Борбордук банкында долларсыздашуу кыймылы

Орусия Борбордук банкынын төрагасы Элвира Набиуллина Орусиянын эл аралык резервдеринде  доллардын үлүшүнүн азайтылышы менен экономиканын шокторго каршы дагы чыдамдуу абалга келгендигин айтты.

1309959

Набиуллина орус парламентинин астыңкы канаты Думада сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын эл аралык резервдеринин бул жылы 72 миллиард долларлык  деңгээлде өчкөндүгүн билдирди.

Резервдердин түзүлүшүнүн да 2018 -  жылдан бери өзгөртүлгөндүгүн белгилеген Набиуллина : «Долардын үлүшүн азайттык. Эл аралык резервдерде долардын үлүшүнүн азайтылышы менен экономикабызды шокторго карата дагы чыдамдуу абалга келди»,- деди.

Орусия Борбордук банкы эл аралык резервдеринде доллардын үлүшү өткөн жылы 2017 -  жылга салыштырганда 23, 1 баллдык төмөндөө менен 22, 7 пайызга түшүргөн. Бул мезгилде евронун үлүшү 10 баллдык жогорулоо менен 31, 7 пайызга, юандын үлүшү 11, 4 баллдык өсүү менен 14, 2 пайызга жогорулатылды.

Орусиянын финансы министринин орун басары Владимир Количев геополитикалык тобокелчиликтерден улам келерки жылы Улуттук бейкуттук фондунда доллардын үлүшүнүн түшүрүлөрүн билдирген.

Тектеш кабарлар