Грузияда митингчилер кайра чогулду

Митингчилер 25 - ноябрь дүйшөмбү күнү кайрадан парламент имаратын курчоого алышарын жарыялады.

1309491
Грузияда митингчилер кайра чогулду

 Грузиянын борбор шаары Тбилисиде эрте шайлоо талабы менен кайрадан чогулган митингчилер 25 -  ноябрь дүйшөмбү күнү  кайрадан парламент имаратын курчоого алышарын жарыялады. Парламенттин алдында чогулган митингчилер шайлоонун пропорционалдык система менен жана эрте өткөрүлүшүн каалашкандарын кайталашты.

Митингчилер дүйшөмбү күнү дагы бир жолу парламенттин кире бериштеги каалгаларын тосуп, депутаттардын киришине тоскоол болушарын билдиришти.

Шайлоонун пропорционалдык система менен өткөрүлүшүн каалаган митингчилер өткөн жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү парламент имаратынын алдында чогулуп, депутаттардын парламентке киришине уруксат берилген эмес.

Полициянын  таркагыла деген эскертүүсүнө көңүл бурбаган митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция калың топту таркатуу үчүн басымдуу суу колдонгон.

Тбилисиде июнь айында өткөрүлгөн 26 -  Ортодокс парламенттер аралык башкы ассамблеясынын отурумуна Орусия делегациясындагы Орус Коммунист партиясынын мүчөсү жана Орусия мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун парламент башчысынын орундугуна отуруп сөз сүйлөшү менен өлкөдө каршы чыгуу митингдери башталган.

Жумалардан  бери  болуп келе жаткан митингдерге катышкан митингчилердин талаптарынын бири болгон шайлоо системасынын өзгөртүлүшү  Грузия өкмөтү тарабынан кабыл алынган болчу.

«Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили 2020 -  жылдагы жалпы шайлоонун көпчүлүк системанын ордуна пропорционалдык системага карата өткөрүлүшүнө чечим чыгарышкандарын айткан.



Тектеш кабарлар