Францияда мечит дубалына исламга каршы жазуулар жазылды
Франция Ислам Кеңешине караштуу исламофобияга каршы Улуттук Байкоо Үйүнөн маалымат берилип, окуя айыпталды.
Франциянын түштүгүндөгү Гап кыштагында мечит дубалына исламга каршы жазуулардын жазылгандыгы белгиленди.
Француз басма сөзүндө чыккан кабарларда Гаптагы мечит дубалына исламга каршы жазуулардын жазылгандыгы жана мечит кызматкерине өлүм менен коркуткан каттын жиберилгендиги билдирилди. Окуя тууралуу тергөө баштатылды.
Франция Ислам Кеңешине караштуу исламофобияга каршы Улуттук Байкоо Үйүнөн маалымат берилип, окуя айыпталды. Маалыматта өлкөдө мечиттерге карата кол салуулардын көбөйүшүнө каршылык көрсөтүлдү.
Бул кол салуулардын мусулмандарга карата кек сактоо менен жактырбагандыктын түшүндүрмөсү экендиги баса белгиленип, француз саясатчыларга бул окуяны айыптоо үчүн чакыруу салынды.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.