Орусия кемелерди Украинага тапшырып берди

Украинага таандык үч кеме Одесса шаарына сапар алды.

1308460
Орусия кемелерди Украинага тапшырып берди

Орусия Кара деңизде Керчь кысыгына жакын жерде кармап алган согуштук кемелерди бүгүн Украинага тапшырды. Кемелерди тапшыруу иши Кара деңиздин тарапсыз суулар аймагында ишке ашты.

Украинага таандык «Никополь», «Новая Капу» жана «Бердянск» аттуу согуштук кемелер Одесса шаарына сапар алды.

Орусиянын согуштук кемелери, өткөн жылдын ноябрь айынын аягында Кара деңизде Керчь кысыгына жакын жерде кургактык сууларынын эрежелерин бузгандыгы себеби менен Украинанын деңиз күчтөрүнө таандык үч кемени кармап алышкан жана кызматкерлерин камакка алышкан болчу.

Эл аралык деңиз мыйзамы соту, май айында Орусиянын кармап алган 3 Украина согуштук кемеси менен эпипаждын 24 мүчөсүнүн эркин кое берилиши жөнүндө чечим чыгарган.

Орусия менен Украинанын ортосунда Керчь кысыгы маселесинен кийин камакка алынган  украиналык 24 моряк да арасында болгон туткундар менен камактагылар сентябрь айында айырбашталган болчу.



Тектеш кабарлар