Нигерияны сел каптады

БУУ тарабынан аймактын тургундарынын таза суу, азык-түлүк, баш калкалоо жана саламаттык тейлөөлөрүнө чукул муктаждыктары болгону жарыяланды.

1307794
Нигерияны сел каптады

 

Нигериянын түндүк-чыгышында нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен 40 миң киши үйлөрүн таштап кеткенге аргасыз болду.

БУУнун Гуманитардык жардам боюнча координация кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү жарыяда террордук уюм Боко Харам кыймылын жүргүзгөн Борно провинциясында чоң кыйроого себеп болгон сел апаатынын 40 миң кишини жеринен ажыратканы белгиленди.

Боко Харамдын кол салууларынан качкандар кошулган лагерлердин да селден таасир алганы жана өкмөттүн бул кишилер үчүн 9 башка лагер курганы белгиленди.

Аймактын тургундарынын таза суу, азык-түлүк, баш калкалоо жана саламаттык тейлөөлөрүнө чукул муктаждыктары болгону баса белгиленди.

Борно провинциясында акыркы бир канча аптадан бери нөшөрлөгөн жамгырдын себебинен келип чыккан селдерде он миңдеген үй суу астында калды, 4 миң дөнүмдүк талаа аянты зыянга учурады.



Тектеш кабарлар