Идлибге абадан кол салуу болду

Орусиянын согуштук учактары Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын ичиндеги Маарзите, Урейбнибе жана Маррытхырме айылдарына абадан кол салды.

1307778
Идлибге абадан кол салуу болду

Сирияда Башар Асад режимине колдоо көрсөткөн Орусиянын Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы отукташуу жерлерине карай абадан кол салууларында 3 жаран каза тапты.

Оппозициячылдарга таандык Учак байкоочу үйүнө караганда Орусиянын согуштук учактары Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын ичиндеги Маарзите, Урейбнибе жана Маррытхырме айылдарына абадан кол салды.

Идлиб жарандык коргонуу уюмунун (Ак каскачандар) жооптуу кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда кол салуулардын себебинен Маарзите айылында 3 жаран каза тапты.

Асад режими да Идлибдин түштүк жана түштүк чыгышындагы Кефренбил районуна, Бсакла,Хазиран жана Маррет эс Син айылдарына миномет, замбирек жана гранатамед сыяктуу кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салды.

Жарандык коргонуучу топтор тарабынан окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.



Тектеш кабарлар