Түрк Кызылайы Газага шашылыш медициналык колдоо көрсөттү
Түрк Кызылайынын Палестинадагы делегациясынын башчысы Йигит Олжай, Палестинада 2008-жылдан бери саламаттык сактоо тармагында ар түрдүү тейлөөлөрдү кылгандарын эске салды.
Түрк Кызылайы Изарилдин кол салууларынан кийин Газа тилкесинде орун алган ооруканаларга шашылыш дары- дармек жана медициналык шайман жардамын берди.
Түрк Кызылайынын Палестинадагы делегациясынын башчысы Йигит Олжай, Палестинада 2008-жылдан бери саламаттык сактоо тармагында ар түрдүү тейлөөлөрдү кылгандарын эске салды.
Олжай, ушул алкакта Палестина Кызылайы менен жүргүзүлгөн координациянын негизинде Газага 15 миң доллардык шашылыш дары-дармек жана медициналык шайман жардамын бергендерин белгилеп, жасалган колдоо менен биринчи этапта 100 жаралуунун дарыланганын билдирди.
Израиль армиясы 12-ноябрда Газанын чыгышында Исламий Жихад кыймылынын алдыңкы командирлеринен Баха Эбул Атанын үйүнө кол салган. Кол салууда Эбул Ата каза болушунан кийин аймакта чыңалуу күчөгөн.
Израилдин Газага кол салууларынан арасында 8 бала жана 3 аял дагы болгон 34 палестин каза таап, 110 киши жаракат алган.