Польшада мусулмандарга кол салууга даярданган кылмышкерлер кармалды

Польшанын Ички коопсуздук бөлүмүнүн (ABW) басма сөз катчысы Станислав Зарын, мусулмандарга карай кол салуу даярдыгын кылганы кабары менен жекшемби күнү камакка алынган ашкере улутчул 2 поляктын кармалышына чечим чыгарылганын маалымдады.

1306180
Польшада мусулмандарга кол салууга даярданган кылмышкерлер кармалды

Польшанын борбор шаары Варшавада мусулмандарга карай кол салуу пландалганы айтылган 2 киши кармалды. Польша Радиосунун маалыматына караганда Польшанын Ички коопсуздук бөлүмүнүн (ABW) басма сөз катчысы Станислав Зарын, мусулмандарга карай кол салуу даярдыгын кылганы кабары менен жекшемби күнү камакка алынган ашкере улутчул 2 поляктын кармалышына чечим чыгарылганын маалымдады.

Зарын, коопсуздук күчтөрүнүн Варшавадагы бир үйдү тинтүүлөрүнүн натыйжасында өрт чыгаруучу курал-жарактар жана ок-дарылар менен катар чоң көлөмдөгү жарылуучу зат өндүрүү үчүн колдонула турган заттар табылганын айтты.

Ички коопсуздук бөлүмүнүн (ABW) шектүүлөрдү байкап жүргөнүнүн маалыматын берген катчы, сөз болгон эки кишинин 2011-жылы 77 кишини кырып салган террорист Андерс Беринг Брейвик жана Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитте 51 кишини кырып салган 28 жашындагы австралиялык террорист Брентон Таррантты үлгү кылып алгандарын жана ошого окшошун кылууну пландагандарын белгиледи.

Кармалган 2 поляктын мыйзамсыз түрдө курал жана жарылуучу затты чогултуу, жарылуучу зат жасоо, этникалык жана диний топторго карай кол салуу чакырыгын жасоо кылмыштары менен жоопко тарылаары маалым болду.



Тектеш кабарлар