Иранда катуу жер титиреди

Жер титирөөдөн адамдар жабыркады.

1302519
Иранда катуу жер титиреди

Ирандын түндүгүндөгү Чыгыш Азербайжан аймагында катталган күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөөдөн 6 киши каза болуп, 300дөн ашуун киши жаракат алды.

Тегеран университетинин сейсмология борборунун билдирүүсүнө караганда, эпицентри Чыгыш Азербайжан аймагына караштуу Терк шаары болгон күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 2.17де катталды.

Жер силкинүүнүн жердин 8 чакырым тереңдигинде болгондугу билдирилди.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсү, жер титирөөдөн 6 кишинин каза тапканын, 300дөн ашуун кишинин жаракат алгандыгын кабарлады.

Жер титирөөнүн Гилан, Зенжан, Ардебиль жана Казвин аймактарында дагы сезилгендиги жана зыян келтиргендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар