Францияда сары желктүүлөргө карата күч колдонгон полициялар сотко чыгарылды

Францияда  1 -  майда сары желектүүлөр өткөргөн митингде митингчилерге карата эки полиция күч колдонду деген негиз менен сотко чыгарылды.

1302813
Францияда сары желктүүлөргө карата күч колдонгон полициялар сотко чыгарылды

Францияда  1 -  майда сары желектүүлөр өткөргөн митингде митингчилерге карата эки полиция күч колдонду деген негиз менен сотко чыгарылды.

Париж прокуратурасынан берилген маалыматта Улуттук Полиция Териштирүү Бөлүмү полициянын сары желектүүлөрдүн митингдеринде күч колдонду деген негиз менен баштаткан адилеттик териштирүүнүн негизинде бир полициянын митингчини шапалак менен чабуу, башка бир полициянын да башка митингчиге таш ыргытуу менен соттолору белгиленди.

Маалыматта полициялардын качан сот алдына чыгары тууралуу маалымат берилген жок.

Сары желектүүлөрдүн митингдери башталгандан бери биринчи жолу полиция митингчилерге карата күч колдонуусунан улам соттолгон болот.

Өткөн  жылы 17 -  ноябрда башталган митингдерде полициянын күч колдонуусу өлкөдө талкуунун темасы болду.

Улуттук Полиция Териштирүү Бөлүмү полициянын митингдерде күч колдонду деген шектенүү менен 313 адилеттик териштирүү баштаган.

Франциянын тышкы иштер министри Кристоф Кастанер берген маалыматында митингдерде полициянын кийлигишүүсүнүн натыйжасында 4 кишинин көзүнөн оор жаралангандыгын моюнга алган.

Европа Парламенти да полициянын митингдерде митингчилерге каршы араларында калемпир газы да болгон коргонуу куралдарынын колдонулушун айыптаган чечимди февраль айында бекиткен.

Mediapart интернет сайтынын кабарында митингдерде полиция колдонгон коргонуу куралдарынан улам 5 кишинин колунун жулунгандыгы, 23 кишинин көзүнөн ажырагандыгы, 268 кишинин башынан, 15 кишинин колунан, 64 кишинин денесинен, 26 кишинин желкесинен жана 106 кишинин буттарынан жаралангандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар