Ооганстанда коопсуздук кызматкерлеринин унаасы жардырылды
Багдис провинцисында бомбалуу кол салуу болуп 6 полиция кызматкери каза тапты.
1301867
Ооганстандын батыш жагындагы Багдис провинцисында бомбалуу кол салуу болуп 6 полиция кызматкери каза тапты, 5 полиция кызматкери жаракат алды.
Багдистин коопсуздук шефи Шир Ака Алкозай, басма сөзгө берген маалыматында жолдун боюна жайгаштырылган бомбанын полициялык унаа өтүп бара жатканда жардырылганын белгиледи.
Кол салууда 6 полициянын каза болгонун айткан Алкозай, 5 коопсуздук кызматкеринин да жаракат алганын маалымдады.
Шир Ака Алкозай, кол салуулардын жооптуусу Талибан экенин айтты.
Талибандан болсо кол салуу тууралуу азырынча маалымат жасала элек.