Түштүк Корея менен Япония компенсация маселесин чечүү үчүн диалог чечимин чыгарышты

Мун менен Абе Таиланддын борбор шаары Бангкокто өткөн Түштүк - Чыгыш Азия Өлкөлөрүнүн Биримдиги АСЕАН саммитинен мурда жекеме  - жеке сүйлөштү.

1300051
Түштүк Корея менен Япония компенсация маселесин чечүү үчүн диалог чечимин чыгарышты

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ын Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе Япониянын Корея жарым аралындагы колония жана басып алуу мезгилинде  кыйноо менен иштетилген жумушчулар үчүн берилген компенсация  жазаларынан кийин эки тараптуу карым  - катнаштарда ортого чыккан маселелердин диалог жолу менен ашып өтүү тууралуу макулдашты. Мун менен Абе Таиланддын борбор шаары Бангкокто өткөн Түштүк - Чыгыш Азия Өлкөлөрүнүн Биримдиги АСЕАН саммитинен мурда жекеме  - жеке сүйлөштү.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы офисинен берилген маалыматта эки лидердин 11 минутага созулган жолугушуусунда эки тараптуу маселелердин диалог жолу менен ашылышы тууралуу принцип катары макулдашканы билдирилди.

Маалыматта лидерлердин маселелердин чечилиши тууралуу так  түрдө алдыга жылуусуна шарт түзө турган жолдорду белгилөө үчүн тышкы иштер министрликтеринин арасында кеңешүүлөрдү баштоо чечимин чыгаргандары белгиленди.

Япониянын 1910 – 1945 -  жылдары Корея жарым аралындагы колония башкаруусу мезгилинде күч менен жана акысыз иштеткен жумушчулар менен жакындарынын Түштүк Кореяда ачкан доолордо көп сандаган япон фирмасынын компенсация төлөөсүнө чечим чыгарылган.  



Тектеш кабарлар