Песокв : "Макулдашуу Европа үчүн да манилүү"

Түркия жана Орусиянын ортосундагы макулдашуу келишиминин Москванынбы же Анкаранын инциативи менен түзүлдүбү деген суроого : «Бул биргелешкен иш»,- деп жооп берди Песков.

1294888
Песокв : "Макулдашуу Европа үчүн да манилүү"

Россиянын Президенттик Аппаратынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Түркия менен түзүлгөн макулдашуу менен Европанын да террордон коргоого алынарын айтты. Песков массалык маалымат каражаттарына 22 -  октябрда президент Р. Т. Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путиндин Сириянын түндүгү тууралуу түзүлгөн макулдашуудан мурда 6 сааттан ашуун убакытка созулган саммит тууралуу кенен түрдө билдирди.

Эки лидердин Сириядагы абалды жакшы билгендигин баса белгилеген Песков өзгөчө Түркия менен Россиянын макулдашуу келишиминин Европа үчүн да мааниге ээ экендигине көңүлдөрдү бурду.

Песков : «Бул макулдашуу негизинен европалыктардын да пайдасына болот себеби чек ара террористтерден корголот, Түркиянын коопсуздугун түзөт. Ошол эле учурда Европага багыттала турган миграция агымына тоскоол болот. Бул үчүн Европа толугу менен канааттана алат жана канаттанышы керек»,- деп билдирилди.

Түркия жана Орусиянын ортосундагы макулдашуу келишиминин Москванынбы же Анкаранын инциативи менен түзүлдүбү деген суроого Песков : «Бул биргелешкен иш»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар