АКШлыктар өлкөнүн жарандык согуштун босогосунда экендигин ойлоп жатат

Бир коомдук иликтөөгө караганда Америка калкынын үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн жарандык согушка карай жетеленип бара жаткандыгын ойлоодо.

1294720
АКШлыктар өлкөнүн жарандык согуштун босогосунда экендигин ойлоп жатат

Бир коомдук иликтөөгө караганда Америка калкынын үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн жарандык согушка карай жетеленип бара жаткандыгын ойлоодо.

Джорджтаун саясат жана коомдук кызмат институту  6 – 10 – октябрда катталган миң катышуучу  менен өлкөнүн келечеги тууралуу жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын билдирди. Өлкөдө бир жарандык согуш ыктымалы тууралуу суралган сурамжылоого караганда катышуучулардын 67 пайызы АКШнын жарандык согуштун босогосунда экендиги боюнча пикирин билдирген.

Сурамжылоого караганда америкалыктардын көпчүлүк бөлүгү жалпы өлкөдө саясий, этникалык жана класс айырмачылыктарынын дагы да тереңдеп бара жаткандыгы тууралуу көз карашта.

Катышуучулар 90 пайызы «орой жана адепсиз» деп мүнөздөгөн саясатчыларды саясий бөлүнүүчүлүктүн себеби катары көрүүдө бирок булардын ысымдары тууралуу түрдүү көз карашта.

Республикачыл партиянын шайлоочулары Демократ партиясынын саясатчылары менен бирге социалдык медиа, улуттук гезиттер, СНН жана MSNBC сыяктуу телекөрсөтүү каналдарын саясий бөлүүчүлүктүн жооптуулары катары көрсөтсө, Демократ партиясынын  шайлоочулары АКШнын президенти Дональд Трамп, Республикачыл партиянын шайлоочулары жана  Fox Newsты күнөөлөштү.



Тектеш кабарлар