Трамп Твиттерден маалымат берди
Трамп: «Түркия, Сирия жана Чакынкы Чыгышка байланыштуу жакшы кабарлар келди»
1292871
АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия, Сирия жана Чакынкы Чыгышка байланыштуу жакшы кабарлар келгенин белгиледи.
Түркия менен АКШнын ортосунда Сириянын түндүк-чыгышына карата түзүлгөн келишимдеги 120 сааттык мөөнөт толгондон кийин Трамп Твиттерден маалымат берди.
Трамп: «Түркия, Сирия жана Чакынкы Чыгышка байланыштуу жакшы кабарлар келип жаткан сыяктуу. Дагы башка маалыматтар да келет»,-деди.