Йеменде холера эпидемиясы

Оорулуулардын 25, 5 пайызы 5 жаштан кичүү балдар.

1292520
Йеменде холера эпидемиясы

Йеменде холерадан улам жылдын башынан бери 913 киши каза болду.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта холерадан улам 2019 -  жылдын башынан сентябрь айынын акырына чейин 913 кишинин каза болгондугун, 696 миң 537 кишинин да эпидемия менен оорушунан шектенилгендиги белгиленди.

Шектүү оорулуулардын 25, 5 пайызын 5 жаштан кичүү балдар экендиги билдирилген маалыматта өлкөдөгү 333 райондун 305де холера оорулуусуна кездешилгендиги белгиленди. Маалыматта өзгөчө Худейде, Лахиж, Ибб, Земмар жана борбор шаар Санадагы нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин эпидемия шектенүүсү менен ооруканаларга кайрылгандардын санынын көбөйүшү мүмкүн экендигинен тынчсыздануулардын болуп жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар