Трамп АВСге каршы чыкты

Дональд Трамп Американын кабар каналы ABCнин курал таанытуу учурунда тартылган күчтүү жарылуулар орун алган көрүнүштөрдү Тынчтык булагы операциясында болуп жаткандай көрсөтүшүн «чыр - чатак» деп мүнөздөдү.

1288201
Трамп АВСге каршы чыкты

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын кабар каналы ABCнин курал таанытуу учурунда тартылган күчтүү жарылуулар орун алган көрүнүштөрдү Тынчтык булагы операциясында болуп жаткандай көрсөтүшүн «чыр - чатак» деп мүнөздөдү.

Батыштык массалык маалымат каражаттарында Түркиянын түштүк чек арасында курууга аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакта тынчтыкты орнотуу максатында баштатылган Тынчтык булагы операциясына каршы кампаниялары улантылып, Трамп ABCнин курал таанытуу учурунда тартылган көрүнүштөрдү операция учурунда тартылып алынгандай кылып көрсөтүлүшүнө каршылык көрсөттү.

Трамп твиттерден берген билдирүүсүндө : «ABC Ньюста чоң чыр  -  чатак. Сирияда түрктөрдүн бомбалагандыгына байланыштуу чындыгында абдан коркунучтуу бир видео жарыялашты. Бул өтө чоң уят»,- деди.

Американын улуттук каналы АВС курал таанытуу учурунда  күчтүү жарылуулар орун алган көрүнүштөрдү операция учурунда  болгондой кылып көрсөткөн. Кабарда колдонулган көрүнүштөр негизинен АКШда 2017 -  жылы курал таанытуу учурунда тартылгандыгы, каналдын көрүнүштөрдү кабар бюллетенинде колдонгондон мурда мобилдик телефон менен жарылууларды тартып алган кишилерди монтаждап видеодон чыгаргандыгы билинген.

Бул окуянын ортого чыгышы менен АВСден берилген маалыматта Сирия чек арасында деп берген көрүнүштөрдүн туура эместиги белгиленип, эфирден чыгарышкандарын жана жаңылыштыктан улам бушайман болушкандары билдирилди.



Тектеш кабарлар