Марк Эспер: «Түркияга каршы Жакынкы Чыгышта согуш баштай албайбыз»

Эспер, «Fox News» телеканалында Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу сереп салды.

1287266
Марк Эспер: «Түркияга каршы Жакынкы Чыгышта согуш баштай албайбыз»

АКШнын коргоо министри Марк Эспер, Түркиянын Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга каршы баштаган «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу, «Биз менен Корядан Ооганстанга чейин бирге согушкан, узун мөөнөттүү НАТО шериктешибиз Түркияга каршы Жакынкы Чыгышта согуш баштай албайбыз. Биз үчүн мындай нерсе жок»,-деди.

Эспер, «Fox News» телеканалында Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу сереп салды.

«Түркиянын АКШны абдан жаман абалга түшүргөнүн» түшүндүргөн Эспер: «Каршы чыгууларыбызга карабастан эми түрктөрдүн башында ниет кылынган аралыктан дагы ылдый жана батыш менен чыгышка карай операцияларын кеңейте турганын билебиз. Бул болсо алардын коопсуз аймактарын 30 км дагы тереңдикке жана орто эсеп менен 440 км кеңдикке жеткирет. Ошол эле убакта СДКнын да акыркы 24 сааттын ичинде орустар менен сириялыктар менен (Башар Асад режими) келишим түзгөнүн көрүүдөбүз. Бул болсо АКШнын аскерлерин түндүккө багыт алган Сирия-Орусия армиясы менен түштүккө карай илгерилеген Түрк армиясынын арасында калтырууда. Бул бизди абдан жаман абалга түшүрөт жана аскерлерибиздин коопсуздугу мен үчүн приоритеттүү нерсе»,-деди.

Сириянын түндүгүндө абалдын баш аламандуу боло турганын белгилеген Эспер: «Миңден аз сандагы аскерибизди ал жерден коопсуз түрдө, аянттагы күчтөрдөн ажыратып аймактан чыгарууну ойлоодобуз. Бул жерде күн айткым келбейт, окуялар ал жерде саат сайын өзгөрүүдө»,деген серебин салды.

Моторлуу аткычтар күчтөрү, замбирекчи күчтөрү жана аба күчтөрү менен коштолгон 15 миң кишилик Түрк күчтөрүнө АКШнын бөгөт кое албай турганын белгилеген Эспер, Түркияны сүйлөшүүлөрдө көндүрүүгө аракет кылгандарын жана бул темада жылышка ээ болгондорун ойлогондорун, бирок мунун андай болбогонун көргөндөрүн айтты.

Түркиянын ПКК менен күрөшүүсүнүн көп жылдарга таянганын белгилеген Эспер, өздөрү ЙПГ/ПКК менен ДЕАШ темасында келишим түзүшкөндө, Түркиянын башынан бери буга каршы чыкканын айтты.

АКШнын жооптуу кызматкерлеринин түрк кесиптештери менен жолугушууларында Түркиянын чечкиндүүлүгүн көргөнүн түшүндүргөн Эспер: «Түркиянын илгерилөөсүнүн алдына АКШ күчтөрүн койбошубуз керектигине баа бердик»,-деди.

Эспер: «Биз менен Корядан Ооганстанга чейин бирге согушкан, узун мөөнөттүү НАТО шериктешибиз Түркияга каршы Жакынкы Чыгышта согуш баштай албайбыз. Биз үчүн мындай нерсе жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар