Палестина "Тынчтык булагы" операциясын айыптагандыгы тууралуу ойлорду жалганга чыгарды

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел   - Малики : «Палестина Сириянын түндүк чек арасында болгондорго байланыштуу эч бир билдирүү жасаган жок, жасабайт».

1286384
Палестина "Тынчтык булагы" операциясын айыптагандыгы тууралуу ойлорду жалганга чыгарды

 Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел   - Малики Түркиянын түштүк чек арасында түзүүгө аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана бейкуттукту алып келүү максатында баштатылган «Тынчтык булагы» операциясын айыптагандары тууралуу ойлорду жалганга чыгарды. Малики берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Палестина Сириянын түндүк чек арасында болгондорго байланыштуу эч бир билдирүү жасаган жок, жасабайт»,- деди.

Араб лигасынын  «Тынчтык булагы»  операциясын сүйлөшүү үчүн кезексиз чогулуу чакырыгына байланыштуу да маалымат берген Малики кенен маалымат бербестен Палестина катары Араб лигасынын жыйындарына ар дайым катышкандарын белгиледи.

Араб лигасынын башкы катчысынын орун басары Хүсам Зеки тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 12 -  октябрь жума  ишемби күнү кезексиз жыйын өткөрүлөрүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар