Пакистандын премьер - министри эл аралык медиага каршы чыкты
Пакистандын премьер - министри Имран Хан Индиянын Жамму Кашмирди 900 миң аскер менен блокада астына алгандыгын белгиледи.
Пакистандын премьер - министри Имран Хан Индиянын Жамму Кашмирдеги блокадасынын дүйнө медиасында орун албашын сынга алды. Хан твиттерден берген маалыматта Индиянын Жамму Кашмирди 900 миң аскер менен блокада астына алгандыгын белгиледи.
8 миллионго жакын кишинин блокада астындагы Жамму Кешмирде жашагандыгын баса белгилеген Хан : «Эл аралык медианын Гонконг каршы чыгууларын биринчи беттерден берип, эл аралык трмакта талаш - тартыштуу аймак болгонуна карабастан, 8 миллион кишинин Индия тарабынан 900 миң аскер менен басып алган Кашмирдеги адамзаттык кризиске үнсүз болушуна таң калып жатам»,- деди.
Хан Жамму Кашмирдин эки айдан ашуун убакыттан бери блокада астында экендигине көңүлдөрдү буруп : «Эки айдан ашуун убакыттан бери байланыш чектелип, араларында саясий лидерлер менен балдар да болгон миңдеген киши камоого алынды. Адамзаттык кризис күч алып баратат»,- деди.
Акыркы 30 жылда 100 миңден ашуун кашмирдиктин Индиянын кол салууларынын натыйжасында каза болгондугун эске салган Хан : «Индия басып алган Жамму Кашмирде адамдар көптөгөн жылдардан бери БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан берилген өз тагдырыңды белгиле укугун турмушка ашыруу үчүн күрөшүп жатат»,- деп билдирди.