Иракта үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Премьер-министр Абдулмехди бүгүндөн тарта үч күндүк аза күтүү жарыялады.

1285262
Иракта үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Ирактын премьер-министри Адил Абдулмехди өлкөдөгү митингдерде каза тапкандар үчүн үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Ирактын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, премьер-министр Абдулмехди өкмөткө каршы өткөрүлгөн нааразылык акцияларында каза болгон жарандар жана коопсуздук күчтөрү үчүн бүгүндөн тарта үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Багдад жана өлкөнүн түштүк шаарларында «жумушсуздук, паракорлук жана коомдук тейлөөнүн жетишсиздигинин» себебинен митингдер өткөрүлгөн болчу.

Нааразылык акцияларында 110дон ашуун киши көз жумуп, 6 миңден ашуун киши да жаракат алган эле.



Тектеш кабарлар