Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү

Путин кечээ 67 жашка чыкты.

1283710
Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү

Орусиянын президенти Владимир Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү.

Путин тарабынан кол коюлган жарлыкка караганда, Орусияда президент жана премьер-министрлик кызматтар үчүн төлөнгөн маяналар 4,3 пайыз жогорулады.

Кол коюлган жарлыктын негизинде коргоо, өзгөчө кырдаалдар, ички иштер министрликтери менен бирге Федералдык коопсуздук кызматы сыяктуу айрым жетекчилердин да айлык акылары ушундай эле катышта көбөйдү.

Путин өткөн жылы президенттик кызматынан улам 8,6 миллион рубль (орто эсеп менен 132 миң доллар) айлык алган болчу.

1952-жылдын 7-октябрында туулган Путин кечээ 67 жашка чыкты.



Тектеш кабарлар