Европа Парламенти Британиянын Брексит сунушун четке какты

Берилген маалыматта сунуштун чечилиши керек болгон темаларды колго албагандыгы билдаралди.

1281963
Европа Парламенти Британиянын Брексит сунушун четке какты

Европа Парламенти Брексит багыттоо группасынын Британиянын жаңы сунушунун келишим түзүү үчүн негиз эмес экендигин билдирди. Бул тууралуу берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Англис өкмөтүнүн акыркы сунушунун Европа Парламенти беките турган бир келишим үчүн негиз эмес экендигин ойлоп жатабыз»,- деп маалымдалды.

Маалыматта сунуштун чындыгында чечилиши керек болгон темаларды колго албагандыгы белгиленип, өзгөчө Кайрымдуу жума келишиминин сакталышы, бардык аралдын экономикасы жана Орток базардын бүтүндүгүнүн мааниге ээ экендиги белгиленди.

Европа Парламентинин «функциялык жана мыйзамдуу түрдө ишке ашырыла ала турган олуттуу чечүүчү жолдорду» карап чыгууга ачык экендиги билдирилген маалыматта Британиянын жаңы сунушунун бул шарттарга жооп бербегендиги жана орток кызыкчылыктарына кызмат кылбагандыгы белгиленди.

Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон Европа Биримдигинде четке кагылган Брексит келишиминдеги талаш  - тартыштуу чара беренесинин Түндүк Ирландиянын 2025 -  жылга чейин Биримдик менен атайын карым  - катнаш ичинде болушун күткөн түзөтүү менен өзгөртүүнү сунуш кылган.

Жонсондун «адилеттүү жана макул келген» деп мүнөздөгөн сунушу Түндүк Ирландиянын жана бардык Бириккен Королдуктун белгисиз бир убакытка орток базарда болушуна жол ача турган чара беренесинин жоюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар