Түндүк Агым - 2 долбоорунун курулушу акырына чыгып баратат

Виктор Зубков Түндүк Агым  -  2 жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу бир айдан кийин бүткөрүлүшү мүмкүн экендигин билдирди.

1280569
Түндүк Агым  - 2 долбоорунун курулушу акырына чыгып баратат

Газпром башкаруу кеңешинин төрагасы Виктор Зубков орус газын Германияга алып өтө турган Түндүк Агым  -  2 жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу бир айдан кийин бүткөрүлүшү мүмкүн экендигин билдирди.

Зубков борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Орусия энергетика  жумалыгы иш чарасынын негизинде Түндүк Агым  - 2 долбоору тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Дания долбоордун өз жерлеринен өтө турган бөлүгү үчүн уруксат бербесе да курулуштун улантыларын белгилеген Зубков : «Эгерде Даниядан уруксат ала албасак тарапсыз сууларда курулушту улантабыз»,- деди. Зубков долбоордун курулушунун  бүтүшүнө карата : «Баары 4 – 5  жуманын ичинде бүтүшү мүмкүн бирок декабрь айынын акырына чейин убактыбыз бар, ушул себептен шашылбайбыз»,- деди.

Жалпы чыгымы 10 миллиард евро болушу күтүлгөн Түндүк Агым – 2 долбоору менен жылда 55 миллиард метр куб орус газынын Балтика деңизи аркылуу Германияга өткөрүлүшү пландалууда.

АКШ, Украина, Польша жана Балтика өлкөлөрү курулушуна каршы чыккан долбоордун өнөктөштөрүнүн арасында Газпром менен бирге Shell, OMV, Engie, Uniper жана Wintershall сыяктуу фирмалар да бар.



Тектеш кабарлар