TRT World: Хашогги кылмышынын иликтениши жана анын татаалдыктары

Отчетту даярдаган Агнес Калламард, Түркия Радио телеберүү мекемесинин англис тилиндеги каналы TRT Worldго маалымат берди.

1280627
TRT World: Хашогги кылмышынын иликтениши жана анын татаалдыктары

Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин киши колдуу болушунан бери 1 жыл өттү.

Дүйнө жүзү 2018-жылы 2-октябрда өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогги кылмышынын аркасында Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман турганы темасында бирдей пикирде.

БУУнун даярдаган отчетунда да мураскор канзаада көрсөтүлгөн.

Отчетту даярдаган Агнес Калламард, Түркия Радио телеберүү мекемесинин англис тилиндеги каналы TRT Worldго маалымат берди.

Агнес Калламард: «Чогулткан документтер менен бул кылмыштын пландуу жана долбоорлонуп жасалганынын, айрым кишилердин жаңылыш мамилеси менен ачыктала албай турганынын, мамлекеттин колу менен жасалганынын, буйрук команда чынжырынын астында ишке ашканынын, мамлекеттин эң жогорку органдарынын жоопкерсилиги болгонунун жыйынтыгына бардым»,-деди.

Октордун бин Салманды көрсөтүүсүн улантып жатканына көңүл бурган Калламард: «Салмандын кеңешчиси Саудиялык ал Катани, Хашоггини улуттук коркунуч катары мүнөздөдү. Жооптуулардан бири ал, бирок кескин түрдө ушул кылды дей албайм, бул тууралуу дагы кеңири териштирүү керек»,деген серебин салды.

БУУнун дагы чабалдык кылганына көңүл бурган Калламард: «БУУ дагы деле үн катпай турат жана кандай кадам таштай турганын билбейт. Отчет боюнча кыймыл-аракетке өтүүдө да ийгиликсиз болду. Бул эл аралык уюмдун бул боюнча иш козгоо жоопкерчилиги бар»,-деп айтты.

Эл аралык системанын маселелерине да токтолгон Калламард: «Глобалдык геостратегиялык абал Сауд Арабиянын жоопкер болушуна тоскоол болууда. АКШ менен Сауд Арабиянын ортосунда жакын карым-катнаш бар, бирок жалгыз эле алар эмес, Европа өлкөлөрү дагы саудияны бул ишке жоопкер кылуу жагынан тайсалдап турат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар