Афганстанда 8 шайлоо байкоочусу качырылды

Афганстанда 28 -  сентябрда президенттик шайлоо болгон.

1278854
Афганстанда 8 шайлоо байкоочусу качырылды

 Террордук уюм Талибандын мүчөлөрү Афганстандын Перван аймагынын Шинвари районунда 8 шайлоо байкоочусун качырды.

Перван губернаторлугунун катчысы Вахиде Шехкар массалык маалымат  каражаттарына берген маалыматта эки күн мурда президенттик шайлоо үчүн Шинвари районуна келген 8 байкоочунун шайлоо бүткөндөн кийин үйлөрүнө кайтып жатып Талибан мүчөлөрү тарабынан качырылгандыгын айтты.

Бул байкоочулардын эркин коё берилиши үчүн аракетке өтүлгөндүгүн айткан Шехкар алдыңкы кишилердин арачылык кылуу үчүн аймакка жиберишкендерин белгиледи. Бул тууралуу Талибандан азырынча маалымат берилген жок.

Афганстанда 28 -  сентябрда президенттик шайлоо болгон.



Тектеш кабарлар