Дональд Трамп башкаруусу качкын кабыл алуу санын Конгресске сунуштады

АКШ келерки жылдын ичинде 18 миң качкынга гана кайрадан жайгашуу укугунун берилишин пландап жатат.

1277425
Дональд Трамп башкаруусу качкын кабыл алуу санын Конгресске сунуштады

АКШда президент Дональд Трамп башкаруусу 2020 финансылык жылында өлкөгө 18 миң гана жаңы качкындын жайгашуусун күткөн сунушту Конгресске сунуштады.

Ак үйдүн жетекчилери Конгресске сунуштаган 2020 качкындар программасы боюнча АКШнын келерки жылдын ичинде 18 миң качкынга гана кайрадан жайгашуу укугунун берилишин пландап жатат. Бул сан АКШнын заманбап качкын программасы тарыхындагы эң аз сан болууда. Өзгөчө президент Дональд Трамп жарыялаган жарлыкка караганда АКШ башкаруусу качкындардын кайрадан жайгаштырылышы үчүн аймактын жана жергиликтүү башкаруулардын макулдугун алат.

АКШнын мурунку президенти Барак Обама мезгилинин акыркы жылы болгон 2016 -  жылы АКШнын качкын алуу квотасы 110 миң болгон болсо, Трамп башкаруусу бул санды 30 миңге чейин түшүргөн.



Тектеш кабарлар